"Спутник V" вакцинасы биринчи кимге сайылары айтылды
Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп хирург Мамбет Мамакеев алат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, орус тарап менен 1 миллион доза алууга келишим түзүлгөн.
«Алар акырындык менен келе берет. Кечээ 20 миң доза келгенин көрдүңүздөр. Бүгүн саат 11:00дө биз бул препарат менен эмдөөнү баштайбыз. Биринчи вакцинаны академик Мамбет Мамакеев алат. Программа боюнча 65 жаштан өйдө жарандарды жана өнөкөт оорулары барларды эмдөөдөн өткөрөбүз», - деди министр.