SerepTV Logo

Сот шайлоо жарышынан четтетилген НДПК партиясынын арызын карап жатат

Сот шайлоо жарышынан четтетилген НДПК партиясынын арызын карап жатат

Бишкек административдик соту БШКнын саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана партияга берилген добуштар менен бюллетендерди жараксыз деп табуу чечимине каршы НДПКнын доо арызын карап жатат. Ошол эле учурда саясий партиянын тарапташтары аталган соттун имаратынын алдына митингге чыгышты.

БШКнын НДПК партиясын шайлоо жарышынан четтетүү чечимин жокко чыгарууну талап кылган нааразычылык митингинин катышуучуларынын саны өсүүдө. Митингге келгендер колуна "Акыйкаттык үчүн!", "Шайлоочулардын 15 миң добушун уурдап алышты", "Мен НДПКга добуш бергем" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Буга чейин БШК шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон НДПК партиясын жарыштан четтеткен эле. Бирок партиянын мүчөлөрү бул чечимге нааразы болуп, сотко кайрылышкан.