SerepTV Logo

"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды

"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды
"Сосновка" жана "Арал" постторуна күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 13-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана саат 20:00дөн тартып Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

"14-апрель күнү саат 07:00дө "Сосновка" постунда киргизилген убактылуу чектөө алынган. Ал эми “Арал” постунда киргизилген убактылуу чектөө саат 08:00дө алынды", - деп айтылат маалыматта.

edita