SerepTV Logo

Соцфонд: "Учурда жарандар апрель айынын пенсиясын алып башташты"

Соцфонд: "Учурда жарандар апрель айынын пенсиясын алып башташты"
Пенсия боюнча эч кандай кечиктирүү болгон жок, учурда жарандар апрель айы үчүн пенсия алып жатышат. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришти. «Мыйзам боюнча, март айынын пенсиясы апрель айында төлөнүп башташы керек болчу. Биз болсо,  марттыкын марттын аягына чейин, апрелдикин апрелдин аягына чейин берип жатабыз. Пенсионерлер март үчүн эбак алып бүтүшкөн, азыр апрель үчүн берилип баштады. Бир учурду айта кетиш керек, банктан алчулар каалаган күнү барып ала беришет. Ал эми почта бөлүмүндө пенсия атайын график менен берилет», - дешти мекемеден. Соцфонддон билдиришкендей, 2021-жылдын апрелине карата пенсия төлөө үчүн болжол менен 4 миллиард 143 миллион сом керектелет. 13-апрелге карата анын 3 миллиард 378 миллиону, же болбосо, 82 пайызы которулду.
Unknown Author