Abank
SerepTV Logo

Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар

Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар
20-февралда Жакынкы Чыгыштан Кыргыз Республикасынын 99 жараны - анын ичнен 28 аял киши жана 71 бала мекенине алып келинди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги "Айкөл 5" гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган. "Кыргыз тарабы оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири  атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарабына жана эл-аралык өнөктөштөрүнө өзгөчө ыраазычылыгын билдирет",- деп айтылат маалыматта.