Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлүүдө
Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"8-12-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.