SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
14-апрелден 18-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Жаңыбазар - Киров унаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-76 чакырымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-300 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90 чакырымдарында  (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым тилкелери тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
edita