Шайлоо тилкесинен сырткары добуш берүү: Бишкектеги 6 тилкедеги добуштар жокко чыгарылды
Кечээ, 10-апрелде шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү уюштурулган. Бишкектеги 6 шайлоо тилкесиндеги жыйынтык жокко чыгарылганын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Бишкек шаары боюнча жалпы 4 990 шайлоочу үйүнөн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк сураган. Алардын ичинен 4 миң 1 жаран добуш берди. Алардын шайлоо тилкелерине барууга мүмкүнчүлүгү жок. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына «Жалпы иш» коомдук фонду жана «Республика» партиясынан шайлоо участогунан сырткары аймакта добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузулганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул арыз 10-апрелде шаардык шайлоо комиссиясынын жыйынында каралып, 6 шайлоо тилкесиндеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Алар:
- Ленин району боюнча: №1028, 1029, 1026 шайлоо участоктору;
- Свердлов району боюнча: №1309, 1312, 1311.