SerepTV Logo

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 106 эреже бузуу катталды

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 106 эреже бузуу катталды
Шайлоо процесси башталгандан бери Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ 106 эреже бузууну каттаган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, мыйзам бузулду деп эсептегендердин кайрылуусунун басымдуу бөлүгү Бишкектен (50) жана Чүйдөн (21) түшкөн. Арыз-даттануулар:
  • Добуш сатып алуу — 32;
  • Административдик ресурсту колдонуу — 23;
  • Аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин ишине даттануу — 21;
  • Үгүт эрежелеринин бузулушу — 12;
  • Партиялар тарабынан каржылоо эрежелеринин бузулушу —  3;
  • Добуш берүүчүлөрдү коркутуу — 3;
  • Башка — 3;
  • Төлөм процедурасынын бузулушу — 2;
  • Талапкер тууралуу туура эмес маалымат — 2;
  • Жасалма документ — 2;
  • Шайлоочунун укугун бузуу — 1;
  • Талапкерди каралоо — 1;
  • Каракчылык — 1.
Арыздануулардын көбү шайлоочулардан, талапкерлерден жана саясий партиялардан түшкөн.
edita