Адис: "Кыргызстандан чыгарылып бараткан кийиктер сейрек кездешүүчү эликтер эмес"
Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып бараткан кийиктер сейрек кездешүүчү эликтер эмес. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук уюмунун башчысы Салтанат Сеитова билдирди.
Буга чейин УКМК өлкөнүн түштүгүндө сейрек кездешүүчү эликтерди ташып бараткан кыргыз жана өзбек жараны кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Билдирүүдө 4 кийиктин мүйүздөрү жулунганы жазылган.
Сеитова алар эликтер эмес, Каракол зоопаркында кармалып турган бугулар тукумундагы кийиктин бир түрү (лань) экенин билдирди. Аларды Кыргызстанга 2012-жылы Казакстандан алып келишкен. Коомдук уюмдун башчысы кийиктерди ташып келүү мыйзамдуу түрдө жүргөнүн тастыктаган документтер сакталып калганын кошумчалады.
"Бизге төө куштарды көбөйтүү менен алектенип жүргөн Кыргыз жараны кайрылды. Ал төө куштун ургаачысы менен эркегин кийиктерге алмашууну сунуштады. Ал жаран бизден жаныбарларды расмий түрдө келишим түзүп алган. Келишимге ылайык, ал эликтерди карап, багуу милдетин алган болчу. Бизди алдап кеткен окшойт, бирок балким кармалган адам башкадыр, ал жаныбарларды башка бирөөгө деле берип коюшу мүмкүн да", — деди Сеитова.
Ошондой эле ал жаныбарларды ташуу шарттары бузулганын билдирди. Анын айтымында, кийиктердин үчөө ургаачы, экөө эркек.
"Ургаачыларында мүйүз болбойт. А эркектеринин мүйүздөрү жыл сайын түшүп турат. Азыр дал ошол түшчү мезгили. Мен сүрөттөрүн көрдүм, капиллярлары жарылып кеткен окшойт, алардын табияты ошондой", — деп түшүндүрдү ветеринар.
Ал кармалгандар кылмыш жообуна эмес, административдик жазага тартылышы мүмкүн деген божомолун билдирди.
Европалык элик (лань) - орточо көлөмдөгү кийик, ал көбүнесе Европа менен Түштүк-Батыш Азияда көп тараган. Мүйүздөрү жоон жана денесинде ала-була тактары болот. Ал сейрек кездешүүчү эликке караганда кичине жана жеңил келет. Европалык түрүнүн узундугу 130 сантиметрден 175 сантиметрге чейин жетет, куйругунун узундугу 20 сантиметр. Сейрек кездешүүчү эликтерге караганда, денеси чымыр жана моюну, буттары кыска болот.