SerepTV Logo

Самат айылынын тургуну: "Коргончо айылындагы тажиктер 1 жума мурун эле көчүп кетишкен экен"

Самат айылынын тургуну: "Коргончо айылындагы тажиктер 1 жума мурун эле көчүп кетишкен экен"
Чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын абалын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Самат айылынын тургуну Чолпонай Коңурбай кызы менен байланышты. Анын айтымында, учурда айылда абал туруктуу, бирок таңкы саат 05:00 чамасында айылга ок атышуунун үндөрү угулган. "Мен Самат айылында жашайм. Биз жакта Коргончо деген айыл бар. Ошол жакта жашаган тажиктер 1 жума мурун эле көчүп кетишкен экен. Азыр бир айылда элебиз. Качууга даярданып койдук. Биздин айылда абал туруктуу эле. Бирок бүгүн таңкы 5терде ок атылган үн угулду", - деди ал.