Самаркандек айылынын тургуну: "Тоодо түнөдүк. Ташиев келип, бизди алып кетсин!"
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен байланышты.
Самаркандек айылынын атын атагысы келбеген тургуну, кечээ айылды таштап, тоого качканын айтып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айылдын элин тоодон алып кетиши керек экенин айтты.
"Мен Самаркандек айылында жашайм. Кечээ айылдын тургундары айылыбызды таштап, тоого качканбыз. Тоодо түнөдүк. Биз менен кошо качкандардын саны абдан көп. Аялдар, балдар, кош бойлуу келиндер, анан карыган адамдар бар. Бүгүн үйдөн көтөрө келген нандар менен курсак тойгуздук. Мына асманда тик учактар учуп жүрөт. Атылган октун да үнү угулууда. Биз Камчыбек Ташиевдин тик учак менен алып кетүүсүн талап кылабыз", - деди ал.