SerepTV Logo

Салык кызматы май куюучу жайлардын ээлерине эскертүү берди

Салык кызматы май куюучу жайлардын ээлерине эскертүү берди
Май куюучу жайлар Салык кызматына онлайн-режимде сатылуучу товардын кодун жөнөтүүгө тийиш. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Автомай куюучу станцияларда берилүүчү контролдук-кассалык чек, ККМге карата техникалык талаптарга ылайык бир катар маалыматтарды, анын ичинде товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) жана товарды маркалоо белгисин камтууга тийиш. 1-июлдан тартып "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу станциялар башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун жөнүндө маалыматты контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТНнын коду, саны, 1 литр үчүн баа, жыйынтык баа) жана бул маалыматтарды салык органына онлайн-режиминде берүү функциясы бар ККМди колдонушат. Бүгүнкү күндө мунайзат рыногунда бир катар ишкердик менен алектенген субъекттердин ККМ техникалык мүмкүнчүлүктөрү өкмөттүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомунда талап кылынган ченемдерге шайкеш келбейт, бул айып санкциясына дуушар кылуусу мүмкүн. Атап айтканда, алар онлайн-режимде сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) салык кызматына бербей келишүүдө. Бузуулар жөнүндө кодекси 2175-беренеси менен толукталган, ага ылайык мунайзаттарды сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн айып санкцияларынын жаңы өлчөмдөрү белгиленген. Тактап айтканда, май куюучу станцияларда мунайзаттарды сатуу тартибин бузган фактылар аныкталган учурда жеке ишкерге 12 миң 500 сом, ал эми юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Unknown Author