Саламаттыкты сактоо министри чек ара жаңжалынан жабыркагандардан кабар алды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарынын адистери менен биргеликте Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Баткен облусуна келгенден кийин Лейлек, Самаркандек жана Кулунду жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, жабырлануучулардан кабар алды.
«Ал жаракат алгандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо режимин жөнгө салды. Ошондой эле министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилигине жабыркагандардын ден соолугунун абалын, дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын запасын көзөмөлдөөнү тапшырды», - деп айтылат билдирүүдө.