Садыр Жапаров: "Ташиев барып протоколго кол коюп келсе эле чек ара маселеси бүтүп калбайт"
Чек ара маселеси чечилип, аягына чыгуу 4 баскычтан турат. Биринчи, жумушчу комиссия макулдашып келет. Экинчи, баары такташып алып, президенттерге алып кирет, үчүнчү президент макул болсо, парламентке жөнөтөт же кайра артка жөнөтүп, оңдойлу десе болот. Төртүнчү, парламент ратификациядан өткөрүп берет, анан президент кол коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, биздики башталышы гана.
"Биз ачык-айкын, мурункулардын катасын кайталап, 10-15 жыл өткөндөн кийин элдин каргышына калбайлы деп ушундай жасап жатабыз. Ошондуктан ызы-чуу түшүп, жерибиз өтүп кетти деген саясат жүргүзбөш керек. Бардыгын тынчтык жолу менен акылдашуу, макулдашуу менен чечебиз",- деди ал.