SerepTV Logo

Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында казинолордун ачылышын колдойт

Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында казинолордун ачылышын колдойт
Казино 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип, ойногонго акысы бар болчу. Жаш балдар барып, күнү-түнү ойноп, акчаларын уттурган мезгилдер бар болчу. Бирок ошону шылтоо кылып, айрым депутаттар биригип алып, казинолорду шантаж кылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маек учурунда билдирди. Анын айтымында, казинолорду бардык аймактарга ачуу керек жана убагында казинолорду айрым депутаттар менен саясатчылар бир абзац менен жаптырып салышкан. "Убагында депутаттар шантаж кылып, акча талап кылышканда, казино ээлери акча бербей коюшкан. Анан алар бир абзац мыйзам менен барын жаптырып салышкан. Муну мен билем. Ал эми азыр айтып атам, кыргыз жарандары казинонун эшигин аттабайт. Бул чет өлкөлүктөр үчүн гана болот. Экономиканы көрүп атасыңар, биз ар кандай жол менен кызананы толтурушубуз керек. Эми арам деп жатышат. Эмне арак саткан арам эмеспи? Эмне чочко саткандардан алып аткан акча арам эмеспи?",- деди ал.