Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Эмнелер талкууланды?
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланган.
Президент Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгилеген.