Royal
SerepTV Logo

Садыр Жапаров ЖМК жетекчилери менен жолукту (сүрөт)

Садыр Жапаров ЖМК жетекчилери менен жолукту (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган. Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды. Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи. https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/03/e3f81c39-3e20-41f5-953b-8e73fb8e3a09.jpeg" alt="" width="1286" height="937" /> https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/03/3b7895c2-6255-476f-a206-11c63408f1af.jpeg" alt="" width="1286" height="788" /> https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/03/b514e152-0be9-461f-9435-a7485c28804d.jpeg" alt="" width="960" height="511" /> https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/03/02628c00-b67d-428d-a8d9-b91af420ee94.jpeg" alt="" width="1286" height="729" /> https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/03/f25f86e5-6177-4beb-8515-96f761808f8e.jpeg" alt="" width="1286" height="783" />