Садыр Жапаров пандемиядагы окуялар боюнча: "Буга дагы жете элекпиз"
Сооронбай Жээнбековдун бийликтен куулушуна негизги себептердин бири пандемия учурундагы бийликтин шалаакы мамилеси болгон. Ал президент болуп турган учурда бир нече ирет "Коронавирус боюнча абал жеке менин жана Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турат" деп айтканы баарынын эсинде. Бул боюнча Эльвира Сурабалдиева вице-премьер болуп турган кезде минтип айткан: "Канчалаган миллиондор донорлордон келгенин, медицина кызматкерлери элементардык коргоочу кийимдердин жетишсиздигинен вируска кабылып, эл боо түшүп өлүп жатканда канчалаган миллиондор тийиштүү даректерге жетпей айланып өткөнүн билсеңер эле…".
Дал ушул маселе боюнча өлкө башына келген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевден адилеттүүлүктү талап кылгандар көп. Бул тууралуу берилген суроого президент Садыр Жапаров: "Бул боюнча дагы текшерүүлөр болот. 400 миллион долларга жакын каражат келген экен. Бирок каякка кеткен, эмнеге кеткен, чындап эле ошол тармакка жумшалганбы... Буга дагы жете элекпиз. Мунун ар бир тыйынына чейин текшертип, анан элдин алдына алып чыгып беребиз. Уурдап алгандар болсо, кайтарабыз. Азыр көбү камалып жатат. Кайтарып берип коюп, чыгып жатат. 1000 доллар алса, 100 миң доллар берип, чыгып жаткандар бар да. Аларды түрмөдө кармап жатып, мамлекеттин акчасы менен багып эмне кыласыңар?",- деди.