SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Эгер электр энергиясы үчүн төлөмдөр эч өзгөрүүсүз калса, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат"

Садыр Жапаров: "Эгер электр энергиясы үчүн төлөмдөр эч өзгөрүүсүз калса, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат"
Электр энегиясы боюнча ар бир кыргызстандык билесинер, бул 30 жылдан бери келе жаткан маселе. Муну мен кечээ келип эле сууну жутуп алып же агызып ийип, анан кризиске учурап аткан жок да. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров маек учурунда билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 жылда өлкөгө карыз алып келинип, бирок ал каражат электр тармагына колдонулбай уурдалып кеткен. "Бүгүн коомчулук айтып жатпайбы, "эмнеге мурункулар келип уурдап кеткенди эл төлөшү керек, ошолорду төктүрбөйсүңөрбү" деп. Ал жумушту аткаруу үчүн 1-2 жыл убакыт кетет. Аны текшерип чыгыш керек, бул оңой эмес. Эгер аны күтүп ортура берсек, тарифтер ушул боюнча калса, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат. Анда Кыргызстан энергетикасыз калат. Тезек термей, чырак жакмай жашоого түшүп калабыз",- деди ал.