SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз"

Садыр Жапаров: "Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз"
«Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз. Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам», - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жана конкурска катышкан шаарлардан келген активдүү жаштар менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаштардын бүгүнкү күндөгү коомдогу ордуна токтолду. Президенттин белгилешинче, жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, анткени алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ. «Биз жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары карасак да болот. Жаштар — бул келечек ээлери. Келечек — сиздердики. Тактап айтканда, азыркы улуу муундун жасаган ар бир жакшы иши сиздердин эртеңки жаркын келечегиңер үчүн жасаган аракеттер деп билсеңиздер болот. Ошондуктан биз жасап жаткан ар кандай ишке силер кайдыгер карабашыңар керек», — деди Садыр Жапаров.  Анын айтымында, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсуна катышкан 18 шаар, балдарга жана жаштарга шарт түзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жеке сектор менен «өсүү түйүнү» катары кызматташып, өрнөк көрсөттү. Мамлекет башчысы эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүз ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгүн, анын ичинде байге фондуна 6 миллион сом бөлүнгөндүгүн белгиледи. Садыр Жапаров аталган конкурс шаарлардын жетишкен ийгиликтери үчүн наам бериле турган бир жолку жүргүзүлгөн аракет болбостон, мамлекет финансылык жактан колдоого алган туруктуу өткөрүлө турган конкурска айланышы керектигин айтты. Ал келечекте бул конкурстун туруктуу негизде өткөрүлөрүнө ишеним артты.