SerepTV Logo

Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди. Ал "Ата-Бейитке" кимдер менен барды?

Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди. Ал "Ата-Бейитке" кимдер менен барды?
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына куран окулуп, эскеришти. Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="34851,34852,34853,34854,34855,34856"]
edita