Royal
SerepTV Logo

Садыбакас Доолов: "Менин сөзүм намысы жок эркектер менен аялдарга оор тийди. Намыстууларга майдай жакты"

Садыбакас Доолов: "Менин сөзүм намысы жок эркектер менен аялдарга оор тийди. Намыстууларга майдай жакты"
Кечээ, 6-июлда социалдык тармактарда дин кызматкери Садыбакас Дооловдун “аялдын эти арзандап, базардагы койдун эти кымбаттады” деген сөзү тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ayaldyn-eti-arzandap-koidun-eti-kymbattady-degen-imamdyn-sozy-talkuuga-tyshty/">жаратты. SuperTV аны менен байланышып, талкуу жараткан пикири тууралуу комментарий алды. "Интернет айдыңында талкууга түшүп жаткан тасма бул башы, анын уландысы да бар сабак. Илгертен бери сөз баккан кыргыз элбиз. Кыларга иши жок, чукуганга тешик таппагандар жумурткадан кыр издеп, ар нерсени чыгара берет. Бул жерде "сиздин Кудайдын алдындагы салмагыңыз, баркыңыз канча?" деген сабак болчу. Теңирден тескери басып, кааданы унутуп, нарк-насилди бузуп жүргөн адам оозун оймоктой кылып сүйлөгөнү менен анын ошол салтты, кадыр-баркты бузганы менен анын Кудайдын алдындагы салмагы жеңил.  Улууларда "аялзатынын кийген кийиминен үйүндөгү эркектин намысы билинет" деген сөз бар. Көчөгө денесин жаап чыккан аялдын үйдөгү атасы, иниси же күйөөсү намыстуу экен дешет. Намысы жок эркектер менен намысы жок аялдарга менин сөзүм оор тийип жатат. Ыймандууларга майдай эле жагып жатат", - деди ал.