SerepTV Logo

Саат 18:15. Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу

Саат 18:15. Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу
Бүгүн, 1-май саат 18:15ке карата маалымат - кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, тараптардын күчтөрү жана аскер техникалары жайгашкан аймактарында аларды алып кетүү үчүн кароо жүргүзүү башталган.

Буга чейин тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана жолу ачылды.