Саат 15:00. Чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда
1-май саат 15:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кошумча күчтөрдү жана аскердик куралдарын чек арадан алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чектешкен тилкесине алып чыгууну улантууда. Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылашууда.
Саат 13:35те УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткен.