Саат 14:00. Референдумга добуш бергендер 19,41 пайызды түздү
Саат 14:00дө референдумга шайлоочулардын катышуусу 19,41 пайызды түзүп, 700 000 шайлоочу добуш берди.
Жалпысынан 3 606 201 шайлоочу катталган.
- Бишкек шаары – 65 740
- Ош шаары – 39 786
- Жалал-Абад облусу – 147 321
- Ысык-Көл облусу – 57 977
- Нарын облусу – 46 459
- Ош облусу – 151 356
- Талас облусу – 35 037
- Чүй облусу – 95 465
- Баткен облусу – 59 509
- Чет өлкөлөрдө 1355 адам добуш берди.
Референдумга добуш бергендердин саны 30 пайыздан ашса, референдум өттү деп жарыяланат.