Саат 12:45. Тажик аскерлери кыргыз жарандарынын турак үйлөрүнө ок чыгарышты
Саат 12:45ке карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка аймагына тажик аскер кызматкерлери кыргыз жарандарынын турак үйлөрүнө ок чыгарышты. Айыл тургундары буга чейин эвакуацияланган.
Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүшкөн.