Саат 11:30. Тажикстандын аймагынан чек арага аскер техникалары келе жаткандыгы аныкталды
Саат 11:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу курч мүнөздө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толугу менен жаап салгандыгы маалым болду. "Тажикстандын аймагынан тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасына келе жаткан аскер техникасынын кыймылы катталды", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.