SerepTV Logo

Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди мамлекетке кайтарды

Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди мамлекетке кайтарды
Тоң райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктуранын объектилери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка карганда, Туура-Суу айылындагы баасы 1 миллион 537 миң 919 сомдук болгон бала бакчынын имараты, ошондой эле  Кара-Суу айылындагы баасы 1 миллион 177 миң 145 сомдук болгон бала бакчанын ашканасынын имараты мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн чаралар боюнча, сот органдары тарабынан прокуратуранын талаптары канааттандырылып, мыйзамсыз берилген укук берүүчү документтерди жараксыз деп табылган. Прокурордун актыларынын негизинде жогоруда аталган социалдык объектилер Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн балансына алынды.