Профсоюздар үйүндөгү башаламандык. Эки кызматкерди Тез жардам алып кетти
Профсоюздар үйүнүн имаратынын алдында башаламандык болуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы Мирбек Асанакуновдун тарапташтары имараттын кире беришин мыйзамсыз түрдө тосуп алышкан. Башкы жана арткы эшиктер да ичинен тосулган.
«Имаратка кызматкерлерди жана келген жарандарды киргизбей жатышат. Кагылышуулар болууда. Жабыркагандар бар. Профсоюздун кызматкерин Тез жардам унаасы алып кетти», - дешет уюмдан.
Алар бийликтен бул көйгөйгө көңүл бөлүп, абалдын курчушуна жол бербөөнү суранышат.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37616,37617,37618,37619,37620,37621,37622,37623"]