Президент бир катар жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады. Тизме
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 31 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды.
– Чүй облусу:
- Чүй райондук соту:
- Аксы райондук соту:
- Базар-Коргон райондук соту:
- Ноокен райондук соту:
- Сузак райондук соту:
- Тогуз-Торо райондук соту:
- Чаткал райондук соту:
- Токтогул райондук соту:
- Кара-Көл шаардык соту:
- Майлуу-Суу шаардык соту:
- Таш-Көмүр шаардык соту:
- Жалал-Абад шаардык соту:
- Кара-Суу райондук соту:
- Чоң-Алай райондук соту:
- Ош шаардык соту: