SerepTV Logo

Премьер-министр Айзаданын өлүмү боюнча: "Териштирүү бүтмөйүнчө, ким күнөөлүү экенин айта албайм"

Премьер-министр Айзаданын өлүмү боюнча: "Териштирүү бүтмөйүнчө, ким күнөөлүү экенин айта албайм"
Айзаданын өлүмүнө нааразы болгондор Өкмөт үйүнүн алдына барышты. Алардын алдына өкмөт башчы Улукбек Марипов чыкты. Ал министрди кызматтан кетирүү маселеси карала турганын билдирди. «Бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Териштирүү бутмөйүнчө ким күнөөлүү экенин айта албайм. Баарынын жоопкерчилиги каралат, жогорку кызматтагы милиция кызматкерлерине толук чара көрүлөт. Урматтуу мекендештер, сабыр кылыңыздар. Иш президенттин көзөмөлүндө. Азыр кыйкырганда эч нерсе чечилбейт. Бул ишти кыска убакытта териштирип, жооп бергенге аракет кылабыз», - деди Марипов. Ал Балыкчыга өлтүрүлгөн кыздын ата-энесине көз көрсөтүп барууга даяр экенин билдирди.
Unknown Author