SerepTV Logo

Пост менен тосттун айырмасы эмнеде? ИИМдин жообу

Пост менен тосттун айырмасы эмнеде? ИИМдин жообу
Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков ички иштер министринин орун басарына Тилекмат Куреновду интернетке жазылган посту үчүн абакта отурганын айтып, "пост менен тосттун айырмасы эмнеде?" деген суроо узатты. Министрдин орун басары пост жалпы элге чыгарын айтты. "Пост деген бул жалпы эле, жарыяга чыгат. А тост ар кандай болот да", - деди орун басар. Депутат: Экөө тең ниет. Орун басар: Ниет эмес, чакырык болуп жатат. Депутат: Ниет үчүн соттобойт да. Орун басар: Өзүңөр жазып берген кодексте чакырык деген бар да. Депутат: Тост айткан деле чакырык да. Орун басары: (жооп жок).
edita