Abank
SerepTV Logo

«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женгонун» иши кыскартылды

«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женгонун» иши кыскартылды
«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновдун иши кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти. Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы токтомунун негизинде Жазык Кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталган Кадырбек Досоновду кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Бул боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес. Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык Кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (легализация, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.