Royal
SerepTV Logo

Баасы - 490 сом. Санэпидемстанцияда ПЦР-тесттин баасы арзандады

Баасы - 490 сом. Санэпидемстанцияда ПЦР-тесттин баасы арзандады
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде  ПЦР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты. Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта бир ПЦР-тесттин баасы 490 сом болду. Мурун анын баасы 788 сом болгон. Азырынча тест Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат. COVID-19га акысыз ПЦР-анализди бекер тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; Баткен окуяларынын катышуучулары; Эмгектин ардагерлери; 70 жаштан жогору улгайгандар; «Баатыр эне» орденинин ээлери; Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар; Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары жана башкалар. Иш убактысы: Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30дан 15:00гө чейин. Жыйынтыктарды ошол эле күнү саат 18:00дөн 21:00гө чейин ала алышат.