Abank
SerepTV Logo

Пандемиядан улам токтотулган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы жанданды

Пандемиядан улам токтотулган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы жанданды
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. 2-июлдан тартып «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат.