"Өзүбүздүн жерди кайра өзүбүзгө берип жатабы?" Ала-Буканын тургундары Ташиевдин сөзүнө нааразы болушту
Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары митинг өткөрүп, бийликтин чек арага чектеш Гавасай тилкеси боюнча иштерине нааразычылыктарын билдиришти.
"Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын боюндагы жерлердин эсебинен Көк-Таштан 8 миң гектар жерди ажыратып бердик деп айтыптыр. Бул деген өзүбүздүн жерди кайра өзүбүзгө берип жатат. Алар талаш аймакка эч качан кирген эмес», - деп билдирди чыгып сүйлөгөндөрдүн бири.
https://youtu.be/6syUQFKFiYw
Кечээ, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу өткөргөн. Анда Гавасай тилкеси жөнүндө да сөз болгон. "Гавасайдан 8 миң гектар жерди өзүбүзгө алып жатабыз. 1956-жылы Гавасай деген чоң тилке Өзбекстанга өтүп кеткен. Ал жерде 5 кыргыз айыл бар. Документтерде 19 миңден ашуун гектар деп жүрөт, бирок тактай келсек, 15-16 миң гектар чыкты. Ошонун 8 миң гектарын алып жатабыз. Аны эмненин эсебинен алдык? Аны дал ушул Кемпир-Абад суу сактагычтын эсебинен алдык", - деген Ташиев.