SerepTV Logo

Өзгөн району Баткендеби же Жалал-Абаддабы? Министрдин орун басары жооп таба албай убайым тартты

Өзгөн району Баткендеби же Жалал-Абаддабы? Министрдин орун басары жооп таба албай убайым тартты
Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Депутаттардын билим берүү тармагына байланышкан суроолоруна билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров жооп берип жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Сагындык Келдибаев орун басардан Өзгөн районунда канча профессионалдык техникалык училище бар экенин сурады. Министрдин орун басары: Өзгөн району боюнча так билбейт экенмин. Жалал-Абад облусу боюнча профессионалдык лицейлердин саны... Депутат: Мен сизден Жалал-Абадды сурабай элем да. Өзгөн Жалал-Абадга карайбы? Орун басар: Жалал-Абад дейм да. Баткен облусуна карайт. Депутат: Сиз министрдин орун басары болуп туруп, кайсы район кайсы облуска карарын билбейсизби? Орун басар: Жок. Мен механикалык жактан адашып алдым. Депутат: Өзгөн деген эң чон райондордун бири кайсы облуска карарын билбейсиз.
edita