Royal
SerepTV Logo

Өзбекстандын президентинин баракчасына Кыргызстан тууралуу видео жарыяланды

Өзбекстандын президентинин баракчасына Кыргызстан тууралуу видео жарыяланды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий YouTube каналында Кыргызстан тууралуу видео жарыяланды. Эки мүнөттүк видеодо Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитиндеги кадрлар камтылган.

Видеодо Шавкат Мирзиёевдин Чолпон-Атага келиши, Садыр Жапаров менен жолугушуусу, мамлекет башчыларынын этно-комплекстерге болгон сапары, кайык менен саякатташы, ошондой эле мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү чагылдырылган.