SerepTV Logo

Оштогу шайлоо тилкесиндеги жаңжал боюнча териштирүү башталды

Оштогу шайлоо тилкесиндеги жаңжал боюнча териштирүү башталды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына саат 18:00гө карата жалпысынан 24 арыз жана маалымат келип түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын ичинен 16 маалымат жарандардын добушун сатып алуу, 4 маалымат шайлоо участокторундагы бейбаштык, 4 маалымат шайлоо процессине тоскоолдук жасоо белгилери боюнча катталды. Бардык катталган маалыматтар боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы №5304 шайлоо участогундагы шайлоочулар жана байкоочулар ортосундагы жаңжал боюнча териштирүү башталды.
edita