SerepTV Logo

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат
Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кечээ, 12-июль күнү Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы баланы издөө уланууда. Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан жалпы 38 куткаруучу тартылды. ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 68 адам издеп жатат.
edita