SerepTV Logo

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды
16-июнда Ош шаарында 28 жаштагы тамада бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Милициядан билдиришкендей, Жапалак айылынын 1997-жылы туулган тургунун жердеши пикир келишпестиктен улам бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.