Royal
SerepTV Logo

Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну Түркияга велосипед менен кетти (фото)

Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну Түркияга велосипед менен кетти (фото)
Ош шаарынын тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 5 мамлекеттен велосипед тээп өтмөкчү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Мамыт Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлүп, ал 5 мамлекет: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения аркылуу Түркияга бармакчы. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="130402,130404,130405,130403,130401,130399,130400"]