Ош шаарында тил мыйзамын бузган жарнактар алынып салды
Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышын көзөмөлгө алуу максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.
"Кезектеги рейд Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, жарнактар текшерилди. 80ден ашуун объект текшерилип, 22 эскертме кагаздары берилди. Рейд дагы улантылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="117397,117398,117399,117400,117401,117402,117403"]