SerepTV Logo

Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту

Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту
21-июнда Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясына кыз менен жигит чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, дарыяга 2006-жылы туулган Ош шаарынын тургуну (кыз киши) агып кеткен. "Аны куткарам деп 1997-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну сууга түшүп, экөө тең аккан. Кыздын жансыз денеси ошол күнү кечинде табылган, жигиттин жанасыз денеси эртеси күнү табылды", - айтылат маалыматта.
edita