Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Кечээ, 22-апрель күнү Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана патрулдук милиция катышкан.
Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга эскертүүлөр берилди.
Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктерге, жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.