Abank
SerepTV Logo

Ош шаары Өзбекстандан 42 миң долларлык 50 автобус сатып алат

Ош шаары Өзбекстандан 42 миң долларлык 50 автобус сатып алат
Ош шаары Өзбекстандан 50 жаңы автобус сатып алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кечээ, 23-июнь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкентте шаардын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугушту. Анда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун кредити жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферттин эсебинен 50 жаңы, көп функционалдуу, 16 орундуу ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү автобустарды алары белгилүү болду. Маалыматка ылайык, бир автобустун баасы 452 миллион сум (42 миң доллар) турат. Мамбетов автобустарды алуу үчүн бюджеттен акча бекитилгенин кошумчалаган. Өзбекстанда чыгарылган япон үлгүсүндөгү 201 автобус 2021-жылы Бишкекке алынып келип, каттамга чыккан.