SerepTV Logo

Ош ОИИБ: "Кемпир-Абад боюнча митинг болуп жатат деген сөз чындыкка жатпайт"

Ош ОИИБ: "Кемпир-Абад боюнча митинг болуп жатат деген сөз чындыкка жатпайт"
Кара-Суу районунда эч кандай митинг жок, абал туруктуу. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти. Буга чейин соцтармактарда Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнан Өзбекстанга жер берүүгө каршы митинг башталганы тууралуу маалымат тараган. Облустук милиция бул маалыматты төгүндөп, кечээ жеринде кыргыз-өзбек комиссия мүчөлөрү эл менен жолугуп, чек ара тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн билдирди. «Кечээ эки тараптан комиссия мүчөлөрү барып, жеринде чек араларды көрүп, эл менен макулдашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Боз үйдү болсо Ынтымак айылындагы кароол дөбөгө мурда эле чек арачылар жаан-чачындан калкалап турсун деп тигип коюшкан. Азыр эч кандай митинг жок, жол жабылды деген сөздөр да туура эмес», - дешти милициядан.
Unknown Author