Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоону аягына чыгарылышын өкмөт башчы көзөмөлгө алды
Премьер-министр Улукбек Марипов Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.
Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:
1) Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 чакырым (47 чакырым);
2) Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.
Учурда "Central Consultant" консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон. Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Ушул жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат. Долбоордун ишке ашырылышы премьер-министр Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.
«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат. Кредиттин суммасы – 11,915 миллиард япон йени (болжол менен 116,47 миллион доллар), мамлекеттик бюджеттен 1,727 миллиард япон йени (болжол менен 16,88 миллион доллар) бөлүнөт.