Royal
SerepTV Logo

Орусияга уча тургандар ПЦР-тест тапшырышат. Республикалык штаб маалыматты тактады

Орусияга уча тургандар ПЦР-тест тапшырышат. Республикалык штаб маалыматты тактады
Кечээ, 21-июнь күнү республикалык штаб ПЦР-тести жокко чыккан чет өлкөлөрдүн тизмесин жөнөткөн. Ага карабай учурда Москвага учуу үчүн ПЦР-тестти" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/eldik-kabarchy/eldik-kabarchy-tamchydan-moskvaga-ucharda-pczr-test-talap-kylyshty-argasyz-satyp-aldyk/">ПЦР-тестти талап кылып жатат деген жарандар көп болууда. Аталган маселе боюнча республикалык штаб өз маалыматы боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй тактоо киргизди. "Орусияга учуу үчүн ПЦР-тест талап кылынат. Анткени Орусия жер транспортуна гана ПЦР-тестти жокко чыгарган. Ал эми башка жагдайда, мисалы, учак аркылуу барса, ПЦР-тест алынат. Бул Орусиянын талабы", - деп билдиришти республикалык штабдан. Буга чейин республикалык штаб кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз барган өлкөлөрдүн катарына Орусияны" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyzstandyktar-pczr-testsiz-kaisy-olkolorgo-bara-alyshat/">Орусияны да кошкон.